Жаңылыктар
С.Жээнбеков БАЭге расмий визит менен барат
Саясат
С.Жээнбеков БАЭге расмий визит менен барат

11-12-декабрда Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий визит менен барат. Анын алкагында   Мамлекет башчы Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы менен жолугуп, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыктын келечегин талкуулашат. 

15-17-декабрда болсо Сауд Аравиясынын Королунун чакыруусу менен Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына расмий визит менен барат. Эки тараптуу жолугушуулар болуп, кызматташтык тууралуу пикир алышат. Жыйынтыгы менен соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, спорт, билим берүү жана илимий чөйрөлөрдөгү документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Кененирээк аудиодон укса болот.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"