Жаңылыктар
Эртең Кой-Таш окуясы жалпы жыйында депутаттардын талкуусуна коюлат
Саясат
Эртең Кой-Таш окуясы жалпы жыйында депутаттардын талкуусуна коюлат

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы чыгарылды. Алар Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы менен Ички иштер министрлигинин кызматтагы адамдарынын жоопкерчилиги каралсын деген чечимге келген. 

Бул маселе тармактык комитетте каралып, чоң талкуу жаратпастан Жогорку Кеңештин палатасына жөнөтүлдү. Эми ал 12-декабрдагы жалпы жыйында депутаттардын талкуусуна коюлат.  

Эске салсак, 29-августта Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков жетектеген мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт өкүлдөрү, коомдук ишмерлер да кирген. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"