Жаңылыктар
"Жаныбек казы" спектакли Бишкек шаарында коюлду
Маданият
"Жаныбек казы" спектакли Бишкек шаарында коюлду

Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” спектаклин бишкектик көрүүчүлөргө тартуулады. Тарыхый окуялуу оюн 1878-жылы 17 жашында Өзгөн аймагына бий болуп шайланган Жаныбек казы Сагынбай уулунун ишмердигине арналган. Жаныбек казынын ролун Эмгек сиңирген артист Бакыт Жумалиев аткарып, оюнга баш-аягы отуздай актер тартылган. 

Тарыхчылардын айтымында, Жаныбек казы совет өкмөтүнө кызмат кылган. Бирок айланасындагы көралбас жана чагымчылар тарабынан караланып, куугунтукка алынган. Ал элинин биримдигин, жеринин бүтүндүгүн көксөгөн инсан болгон. 

Бирок, аргасыздан Кытайга, андан ары Пакистанга жер которуп кетүүгө мажбур болгон. Эскерте кетсек, Тарых жана маданият жылына карата Барпы театры жаңы беш спектакль тартуулайт.