Жаңылыктар
Көмүр казган шахтадагы кырсыктын себеби иликтенүүдө
Кырсык
Көмүр казган шахтадагы кырсыктын себеби иликтенүүдө

Сүлүктүдө көмүр казган шахтадан ууланып каза тапкан төрт адамдын экөө бир туугандар болгон. Буга чейин аталган шахтада иш алып барган жеке ишканага экотехинспекциянын кызматкерлери тарабынан эскертүү берилип, айып салынган. Өз учурунда аткарылбаган иштер адам өлүмүнө себеп болууда.

Учурда бул факт боюнча комиссия түзүлүп, кырсыктын себеби иликтөөгө алынды. Белгилей кетсек, быйыл сентябрь айында Баткенде удаасы менен эки кырсык катталып, шахтада иске ууланып каза болгон 6 жарандын үчөө бир тууган эле. Андай көрүнүштөр андан мурунку жылдары да катталган.

Кененирээк аудиодон укса болот.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"