Жаңылыктар
Кыргызстанда Ислам академиясы курулат
Дин
Кыргызстанда Ислам академиясы курулат

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына расмий визитинин жыйынтыгы боюнча бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө, анын ичинде Бишкек шаарында Ислам академиясын куруу боюнча дагы макулдашуу бар.   Кыргызстанда Ислам академиясын түзүү жөнүндөгү демилге 2019-жылдын февраль айында Сочи шаарында Сооронбай Жээнбеков менен Россия президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрүнөн кийин келип чыккан. 

Ислам академиясынын негизги максаты — жогорку билим берүү, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелер, диний уюмдар үчүн кадрларды даярдоо, ошондой эле алардын квалификациясын жогорулатуу болуп саналат.

Кененирээк аудиодон укса болот.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"