Жаңылыктар
Улуу Британия жемкорлукту колдоп, андан киреше табат
Саясат
Улуу Британия жемкорлукту колдоп, андан киреше табат

Россиялык Правда.ру интернет булагынын журналисти Любовь Люлько  «Нигерия жана Афганистандагы коррупция Лондонго керек» аттуу макаласын жарыялады. Улуу Британиянын премьер-министри  Дэвид Кэмерон мүмкүн Нигерияны жана Афганистан дүйнө жүзүндөгү паракорчулукка малынган мамлекеттердин катарына кирет  деп айыптады. Бул сөз Букингем хан сарайында падыша айым Елизавета IIнин 90 жылдыгына  арналган салтанаттуу кечесинде айтылган. 

Бул күндөрү Лондондо эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү конференциясы  жүрүп жаткан болчу. Дэвид Кемэрон жогоруда айтылган  сөзүн камерага айткан эмесмин,  бул жөн гана аргасыздыктан айтылган сөздөр деп актанууга аракет кылды. Бирок форумга келген Нигериянын президенти "Лондон бизди паракор деп күнөөлөп жатабы? Андан көрө активдерибизди кайтарып берсин"- деп кескин жооп  айтты. Буга коррупция өнүккөн өлкөлөрүнүн  бири катары эсептелген  Афганистандын  Британиядагы элчилиги : «Коррупция менен күрөшүү президент Ашраф Ганинин башкы максаттарынын бири. Биз паракорчулукка каршы күрөштө бир топ ийгиликтерге жетиштик. Афганистанды  коррупцияга баткан деген айыптоо калыстык эмес»,-  деген жообун  узатышты.  Нигериянын президенти  Мухаммад Бухари:

 

«Мен  бул боюнча кимдир  бирөөнүн  кечирим  суроосун талап кылбайм. Менин  койгон талабым - бул  уурдалган активдерди кайтарып берүү болуп саналат». 

Бухари мындан сырткары,  нефтиге бай Байэса аймаганын  мурдагы губернатору Диепрейе Аламийесейгха активдерин кайтаруу  боюнча жиберилген талапка Лондондун шашылбай жаткандыгын эскертип өттү. Белгилей  кетсек, Нигериянын расмий талабына карабастан 2005-жылы Аламийесейгханы  Лондондо камаган. Бириккен падышачылыкта уурдалган акчасын адалдоо   аракетин көрүп жатат деп айыптаган. Бирок ал акчалай күрөө коюп, эркиндикке чыгып кеткен. Ошол эле учурда Нигериянын бир катар экс - чиновниктери президенттин коопсуздук боюнча кеңешчиси Самбо Дасуки, мунай министри Диезани Аллисон-Мадуэке, сенаттын спикери Букола Сараки мамлекеттик бюджеттен уурдаган акчаларын Лондонго сактоого берген Бухари жана Гани жогоруда аты аталган айыптонун негизинде абалды курчуткан жок. Себеби алар батыштын көмөгүнө көз каранды деп баса белгилейт макаланын ээси.


"Бирок паракорчулуктун  эки жагы  бар жол. Улуу Британия жемкорлукту колдоп, андан киреше табат. Ошол эле маалда башкаларды коррупцияга аралашкан  айыпты коет" деп айткан Мелайенин пикиринен англиялык Daily Mail гезити цитата келтирет.

Эсиңиздерге сала кетсек Дэвид Кемэронду британиялык журналисттер жана блогерлер эки жүздүү саясат  жүргүзөт деп айыптап чыгышкан. Алар 3-апрелинде жарыяланган Mossack Fonseca фондунун жарыяланган  чуулгандуу документтердин негизинде Кэмерон да коррупцияга аралашкан деп  күнөөлөп жатышат. 7- Апрелден кийин Кыргызстандын мамлекеттик кадр кызматы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин 2009-жылы жазылган декларациясын ачыкка чыгарышкан. Максим Бакиев инвестиция боюнча борбордук агенттигинин башчысы болуп турганда, болгону бир жылда 108 миң сом киреше тапканын, мындан сырткары 1997-жылы 800 миң сомго үй сатып алганын жана башка мүлкү жок экендегин декларациясында жазган. Апрель ыңкылабынан кийин Максим Бакиев учурда Улуу Британияда баш калкалап жүрөт. Англияда ал баасы 5,8  миллион фунтов стерлингди түзгөн үйдү сатып алганга  жетишти деп  жазат  Дело № гезити. Бишкектин Биринчи Май райондук соту экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыратты. Мындай

 чечимди  29-апрелде Жогорку Сот кабыл алган. Сот Бакиев баштаган жети адамды Кылмыш кодексинин «талап тоноочулук», «кылмыштуу кирешелерди мыйзамсыз адалдоо», «бүтүм жасоого же андан баш тартууга мажбурлоо» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Максим Бакиев менен бирге айыпталгандардын арасында анын жакын санаалаштарынын бири, 2009-2010-жылдары Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиктин төрага орун басары болгон Алексей Елисеев жана Пулат Иминов, Сергей Ким, Денис Гладешев, Низира Иминова, Ульяна Пак бар. Максим Бакиев атасы бийликте турган учурда өзүнүн өнөктөштөрү менен бирге башкаларга таандык мүлктөрдү күч менен тартып алган деп айыпталган.

Ал атасы бийликте турган учурда Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп, өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири катара сыпатталып келген. Апрель ыңкылабынан соң Максим Бакиевге буга чейин жемкордук, мамлекеттин каржысына мыйзамсыз ээлик кылуу, киши өмүрүнө кол салууну уюштуруу жана башка оор беренелер боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Кыргыз өкмөтү Максим Бакиевди Кыргызстанга экстрадициялап, кылмыш жообуна тартуу аракеттерин улантып жатат.