Жаңылыктар
Өлкөдөгү ветеринардык лабораториялар жаңыланууга муктаж
Ден соолук
Өлкөдөгү ветеринардык лабораториялар жаңыланууга муктаж

Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба жана эт азыктарынын экспорттоо үчүн алгач алардын сапатына кепилдиктин болушу керек. Ал  үчүн өлкөдө бир катар ветеринардык лабораторияларды куруу негизги маселелердин бири болууда. Анткени буга чейин  макулдашылгандай үстүбүздөгү жылдын  1-августунан тартып Евразиялык экономикалык биримдиктеги  өлкөлөр менен чектешкен аймактарда ветеринардык көзөмөл алынмакчы. Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, бүгүнкү күндө өлкө боюнча эки ветеринардык лаборатория бар. Дагы бешти куруу пландалууда. Эске салсак, 12-майда Кыргызстандын ири интеграциялык уюмга кошулганына тогуз айдын жүзү болот. 

Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү. Демек бизден сыртка чыгарылуучу товарларга талап өтө жогору болууда.  Ушундан улам малдын асылдуулугун арттыруу жана ветеринариялык кызматты жөнгө салуу менен эл аралык талапка жооп берген санитардык-фитосанитардык лабораторияларды куруу күн тартибиндеги негизги маселелерден болууда. Кыргыз-казак чекарасында санитардык фитосанитардык көзөмөлдөр алынганы менен ветеринардык көзөмөл күчүндө болууда. Буга чейин  макулдашылгандай 1-августан тартып биримдиктеги өлкөлөр менен чектешкен аймактарда ветеринардык көзөмөл алынат.Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба жана эт азыктарынын экспорттоо үчүн алардын сапатына кепилдиктин болушу шарт. Бул маселени өз убагында чечүү үчүн өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу жана оңдоону тиешелүү жетекчилерге  тапшырган.

Өкмөттүн жакынкы мезгилге негизги милдеттеринин бири-бул өлкө экономикасын Евразиялык экономикалык биримдигине жуурулуштурууну тездетип, экспортту колдоого алуу болууда. Алды менен дыйкандар өндүргөн продуктуларын 200 миң калкы бар кеңири рынокко реалдуу чыгаруусу үчүн жаңы ветерианрдык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу керек. Өкмөткө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумакановдун айтымында азыркы тапта өлкө боюнча 30 ветеринардык лаборатория болгону менен анын жарымынан көбү жаңыланууга муктаж.

Эске салсак, 12-майда Кыргызстандан ири интеграциялык уюмга кошулганына тогуз ай болот. Бул убакыт аралыгында жетишкендиктер менен катар эле кемчиликтер дагы орун алууда. Ал арада  Евразиялык экономикалык биримдиктеги бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу максатында инвестицияларды тартуу боюнча бирдиктүү институт түзүү жагы да каралууда.

М. Абдраманова, "Биринчи радио"