Жаңылыктар
Кесиптик окуу жайлар арасында “Манас таануу” теле таймашы өттү
Билим
Кесиптик окуу жайлар арасында “Манас таануу” теле таймашы өттү

Бишкек шаарында мамлекеттик тил макамынын 30 жылдыгына карата жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлдү. Буга чейин республика боюнча ар кыл тармакта мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатында илимий-практикалык конференциялар, тематикалык жыйындар болуп өттү.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча окуу стандарттарынын негизинде окуу китептери жазылып, мугалимдердин билимин жогорулатуу иштери алгылыктуу жүргүзүлүп жатат. Улуттук программаны өнүктүрүү боюнча окутуунун бардык деңгээлдери үчүн окуу куралдары чыкты. Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүүдөн баштап жогорку окуу жайына чейин 200гө жакын аталыштагы китеп басылды. Азыркы тапта дагы 40тай китеп басмага даярдалууда.

Билим берүү жана илим министрлиги оптималдаштыруунун алкагында мектепке чейинки билим берүү программаларын чыгарууну максат кылууда. Кесиптик окуу жайлар арасында алгачкы ирет “Манас таануу” теле таймашы КТРК менен биргеликте өткөрүлдү. Бул өзүнүн ийгиликтүү натыйжасын көрсөттү жана жакшы пикирлерди жаратууда. Буга чейин мындай сынак мектептер арасында жүргүзүлүп келген. Кийин жогорку окуу жайлар арасында өткөрүү максаты да бар.