Жаңылыктар
Айтматовдун 90 жылдыгына арналган энциклопедия жарык көрдү
Билим
Айтматовдун 90 жылдыгына арналган энциклопедия жарык көрдү

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган жаңы энциклопедия жарык көрдү. Эки тилде чыккан эмгекте жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар кеңири камтылган. Айрыкча сүйлөгөн сөздөрүнө, макалаларына, басмадан жарык көргөн китептерине басым жасалган. Кайталангыс талант, кара сөздүн чебери Чыңгыз Айтматовдун уникалдуу чыгармаларындагы Дүйшөн, Толгонай, Ильяс сыяктуу каармандар түбөлүктүү жашайт. Бул багытта жаңы жарык көргөн энциклопедия жардамга келет.

Чыңгыз Айтматовдун басып өткөн жолуна, чыгармачылыгына кызыккандар арбын. Жазуучунун рухий дүйнөсү менен эми окурмандар "Айтматов ааламы" деген аталыштагы эмгек менен тааныша алат.

Китепте жазуучунун өмүр жолу, дүйнөлүк маданият, адабият, искусство чөйрөсүндөгү сүйлөгөн сөздөрү, басмадан жарык көргөн китептери, макалалары, жазуучунун чыгармаларына жазылган сын пикирлер камтылган. Ошондой эле, Айтматов жөнүндө чет элдик жазуучулардын, сынчылардын, изилдөөчүлөрдүн ойлору, чыгармаларынын кинодо, сүрөттө, музыкада, театрда чагылдырылышы, замандаштарынын эскерүүлөрүнө басым жасалган. Китепти окугандар аруу таланттын өмүрүн, бай чыгармачылыгын жана тарыхын кайрадан көз алдыга элестетет.

Кыргыз жана орус тилинде жазылган рухий табылгага Кыргызстандыктар эле эмес, чет элдик окурмандар да кызыгууда. Мындай аракеттер кыргыз элинин тарыхын, жашоо турмушун, рухий маданиятын ааламга таанытууга жол ачат.