Жаңылыктар
Улуттук фтизиатрия борбору жана тез жардам кызматындагы санариптештирүү иштери
Ден соолук
Улуттук фтизиатрия борбору жана тез жардам кызматындагы санариптештирүү иштери

Кыргызстанда 7 миң 200гө жакын адам кургак учук илдетине чалдыккан. Анткен менен, акыркы жылдары бул дарттын залакасын азайтуу боюнча жылыштар бар. Бул оорудан көз жумгандардын саны да кыскарууда. Себеби, дарылоо сапатынын жакшырып, илдеттен айыктыруунун жаңы тартибин киргизүү, ага каршы лабораториялык кызмат көрсөтүүлөрдү модернизациялоо жүрүп жатат. Кабарчыбыз Улуттук фтизиатрия борборун жана тез жардам кызматын санариптештирүү багытында жүрүп жаткан иштер менен таанышып келди.

Бул лабораторияда кургак учук бактерияларынын геномасы секвенирлөөдөн өтөт. Анын натыйжасы менен кургак учуктун жугуу жана жайылуу жолу аныкталат. Аны менен бирге ар бир бейтапка карата жекече дарылоо ыкмасы дайындалат. Мындай аппарат азырынча Борбор Азия өлкөлөрүндө Кыргызстанда гана бар. Саламаттыкты сактоо тармагын санариптештирүүнүн алкагында өлкө аймагындагы кургак учук илдетине каршы күрөшүү мекемелери жана Улуттук фтизиатрия борбору дартты аныктоо, алдын алуу жана дарылоого керек болгон заманбап жабдыктар менен камсыздалды.
Дарт канчалык эрте аныкталып, дарылоо өз убагында башталса андан айыгып кетүү да ошончолук тез болот. Санарип жабдыктар бейтаптардын түйшүгүн бир топ жеңилдетти. Дартты аныктоо мөөнөтү кыскарды. Мурда анализдердин жыйынтыгы 1-2 айлап созулса, азыр 2 сааттан бир аптага чейин гана кармалат. Жаңы каражаттар илдетти убагында аныктап, так диагноз коюп, өз маалында дарылоого шарт түздү. Аймактагы бейтаптарга да ыңгайлуулук жаралды.
Бишкек шаарындагы тез жардам кызматына бир күндө миңден ашуун чалуулар келип түшөт. Алардын 800гө жакынына дарыгерлер дарегине барып, биринчи жардам көрсөтсө, бир бөлүгүнө телефон аркылуу кеңеш берилет. Бүгүнкү күндө баш калаада 38 тез жардам унаасы иштейт. Ал эми шаар калкын толук кандуу тейлөө үчүн 120 даана тез жардам унаасы керек. Бирок ага карабай дарыгерлер ар бир жаранга өз убагында барып көмөк көрсөтүүгө аракет кылышат. Тез жардам кызматына орнотулган санарип тутум тез жардам кызматынын ишинин натыйжалуулугун арттырды.