Жаңылыктар
Ысык-Көл облусундагы аймактарды өнүктүрүү жылында аткарылган иштер
Аймак
Ысык-Көл облусундагы аймактарды өнүктүрүү жылында аткарылган иштер

Ысык-Көл облусунда быйыл төрт социалдык объекти жана үч айылда таза суу тутуму пайдаланууга берилет. Буга чейин бир мектеп сентябрь айында ишке кирген. Бул мекемелер республикалык бюджеттин эсебинен салынып жатат. Ал эми Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан эки бала бакча жана бир спорт зал элдин колдонуусуна өткөрүлдү.

Ысык-Көл районунун Бает айылында бала бакчасы бүткөрүлүү алдында турат. Бул жүз орундуу балдар мекемеси жергиликтүү бюджеттин жана Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондунун эсебинен салынууда. Азыр имараттын курулушу токсон беш пайызга аяктап, сырткы чарбалык иштер уланып, тегерек чети иретке келтирилүүдө. Бул айыл аймагына караштуу Чок-Тал айылында да чоң бала бакча салынууда. Курулушту жеке инвестор ишке ашырууда.