Жаңылыктар
Бүгүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү
Маданият
Бүгүн улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү

Бүгүн, 12-декабрь ааламды калеми менен багындырган залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Дүйнөлүк цивилизацияга опол тоодой салым кошкон, бүтүндөй бир улутту улуу эл катары жер жүзүнө даңазалап, кыргыз образын дүйнөлүк окурмандарга жеткирген инсандын көзү тирүү болгондо бүгүн 91 жашка чыкмак. 

Залкардын чыгармачылыгына жана элесине Кыргызстанда гана эмес, бир катар чет мамлекеттерде да чоң сый-урмат менен мамиле кылып, өткөн жылы 90-жылдык мааракесине арналган ири иш-чараларда айкелдер тургузулуп, бир катар көчөлөргө, маданий жайларга ысмы ыйгарылган. Өзүн публицист, гуманист, философ, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары көрсөтө алгандыгын чет элдик калемдештери белгилешет.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"  

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.