Жаңылыктар
Жалпы республикалык тестирлөө башталды
Билим
Жалпы республикалык тестирлөө башталды

Бүгүн өлкөдө жалпы республикалык тестирлөө башталды. Аны тапшырууга жалпысынан 48 миң абитуриент катттоодон өткөн. Тестирлөө эки этап менен өтөт, биринчиси 17-18-майда, ал эми экинчиси 20-21-майда болот. 

Бүгүн жана 20-майда абитуриенттер негизги тестти тапшырат, 18 жана 21-майда болсо кошумча сабактар боюнча тест тапшырылат. Ал эми каттоого турууга үлгүрбөй калгандарды кошумча каттоо 19-майда болот.

Билим берүүгө жана окутуу методдоруна баа берүү борбору билдиргендей, республика боюнча 127 тест өткөрүүчү борбор ачылды. Тест тапшыргандарга телефон, калькулятор, камера, фотоаппарат жана башка электрондук жана байланыш жабдыктарын жанына алууга тыюу салынат. 

Бири-биринен көчүрүүгө, тест дептерлерин берүүгө жана маалымат алмашууга болбойт. Бул эрежелерди бузгандар тест тапшыруу укугунан ажырайт. 

Эске салсак, Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу тест жыйынтыгы боюнча гана ишке ашат. Эң жогорку балл алган 50 абитуриент бюджеттик орундарга сынагы жок өтө алат.