Жаңылыктар
Бүгүн Улуттук адабият күнү
Маданият
Бүгүн Улуттук адабият күнү

12-декабрь Улуттук адабият күнү. Бул күнгө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Китеп окуу жумалыгын жарыялаган. Бул багытта иш чаралар республиканын бардык аймактарында өткөрүлүүдө. Негизи эле Кыргызстанда адабияттын өсүп, өнүгүшүнө чоңдор адабиятынын да, балдар адабиятынын да таасири чоң. 

Кыргыз элинин эки залкары – улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана улуу акын Алыкул Осмоновдун көзү өткөн күнү менен байланышкан Улуттук адабият күнү 2011-жылы Кыргызстандын акын, жазуучуларынын демилгеси жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын колдоосу менен 12-декабрь – Адабият күнү деп белгиленген. 

Раткан Асанова, "Биринчи радио"

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.