Жаңылыктар
Германиядагы мигранттардын чыры
Кыргызстан жаңылыктары
Германиядагы мигранттардын чыры

Жаңы  жыл  түнү  Германиянын  Кельн  шаарында  мигранттардын  аялдарга  кол салуусу    көпчүлүктүн   катуу   нааразылыгын  жаратууда.   Маалыматтарга караганда, окуя  31-декабрь  түнү   Кельндо  катталып,   Германиянын  Федералдык полициясы  көчөдө   адамдарды  көздөй  жаңы  жылдык   жардыргыч   заттарды  аткылап,  аялдарга  сексуалдык  зомбулук     жараткандар  Алжир, Марокко, Иран, Ирак, Сирия, Сербия жана Американын  жарандары  экендигин аныкташкан.    32синин  өздүгү такталып, алардын ичинен  27 жаран  качкын   статусун  алууга  аракеттенип жүргөндүгү  белгилүү  болду.                                                                

 Полиция  кылмышка шектүү  мигранттарга     кылмыштын 72  түрү  боюнча иш козгоп, кылмыш иштеринин арасында,  уурулук, сексуалдык  зомбулук көрсөтүү  боюнча  да беренелери  бар.  Жекшембу  күнү  кельндуктар  исламизацияга  каршы  экендигин билдиришип,   нааразылык акциясына чыгышты.  Колдоруна “Меркель кетиши керек!”,  “Мигранттарга жок, жок дегенде  жок!” , “Биздин денебизден чык!”,- деген  өңдүү   чакырыктарды  жазып,  каршылык акцияга чыгышкандарды   полиция  суу менен  аткылап таратты. 

Ушундай  кыйкырык-сүрөөн менен  31-декабрь   түнү  мигранттар  Германиянын  Кельн шаарында  жаңы  жыл тосушту. Көчөгө  чыгып  ызы-чуу салып тим болушпастан,  алар бир түндө  120 дай   аялга  сексуалдык  зомбулук көрсөтүүгө да  жетишишкендигин, Германиянын  федералдык полициясына  келип түшкөн  арыздар  айгиниледи.

Бул күнү  полиция   мындан тышкары сумка, мобилдик телефон  уурдаган 5  мигрантты  кармашкан. 30 дан ашык сексуалдык  зомбулук, бир  зордуктоо   фактысынын бети ачылган.  Бул сандар  мындан көп  болушу мүмкүндүгүн   Кельн шаарынын  полиция башчысы  Вольфанг Алберс  билдирди.

-Биздин  болжолубузда, азырынча  бизге  белгилүү   болбогон   кол салуулардын саны  мындан дагы   көп болушу мүмкүн. Жабырлануучулардын  бардыгы   полиция  бөлүмүнө  келип, арыз   жазышса  деген  өтүнүчүмдү   билдиргим келет.

Шаардыктардын үрөйүн  учурган    окуя  эмне  үчүн  азыр  белгилуу болуп  олтурат? Бекетте  орун алган  окуяга  полиция  эмне  себептен  өз  учурунда   чара көрүп  токтоткон эмес?- деген  суроолор  көпчүлүктүн    көңүл  чордонунда. РТЛ  Вест  Регионалдык  бюросунун  башчысы  Йорг Зайонц,  баш-аламандык   уюштургандар   ким экендигине карабастан   жоопкерчиликке тартылышы керектигин белгилейт.

-Мыйзам  иштейт,   жок дегенде  ошого  таянгыла.   Бул адамдардын кайдан келгендиги   мени кызыктырбайт,  бирок  мындан   кийин  аларга  кандай   чара көрүлөрү маанилүү  болуп  турат. Мыйзам алдында  бардыгыбыз бирдей  болушубуз керек.

Полицияга  болгон нааразылыктар   күчөп,  ал арада полиция  жөндөмсүздүгүн  көрсөттү  деген  жүйө  менен  полиция  башчысы  Волфанг Альберс  мөөнөтүнөн  мурда  отставкага  кеткендигин  жергиликтүү  басылмалар  жазып чыгышты.  Мындай кадам коомчулуктун  кельндук  полицияга  ишенимин  калыбына келтирүүгө  максатын  көздөдөдү  деп  жазылат басылмада.

Жекшемби   күнү  2 миңге  чукул   шаар тургундары  мигранттарга  каршы нааразылык акциясына чыгышты. Полиция  каарданган  тарапты  суу  аткычтарды  колдонуп таратышты. Германиянын  канцлери  Ангела  Меркель  кылмыш кылып соттолгон чет элдиктерди өлкөдөн депортациялап салуу мүмкүнчүлүгүн дагы бир жолу карап чыгуу керек деп билдирди.  

“Германия мындай  жийиркеничтүү кылмыштарга чыдабайт. Корголбогон, жалгыз калып запкы көргөн  аялдардын абалын элестетип көргүлөчү. Жеке мен  үчүн  бул   жол берилгис кылмыш" -деди Меркель.  

Канцлер, бийликтегилер кылмыш кылгандарды Германиядан биротоло кууп жиберүү маселесин дагы бир жолу карап көрүшү керек, өлкөнүн мыйзамын сактагысы келбегендер муну ачык түшүнүүгө тийиш экендигин  баса белгиледи. Кошумчалай  кетсек,   жаңы жылдын түнүндө аялдарга кол салуулар ошондой эле Финляндия менен Швейцарияда да катталган.