Жаңылыктар
Кыргызстан менен Бириккен араб эмираттарынын кызматташтыгы жаңы деңгээлде
Саясат
Кыргызстан менен Бириккен араб эмираттарынын кызматташтыгы жаңы деңгээлде

Кыргызстан менен Бириккен араб эмираттарынын кызматташтыгы мындан ары жаңы деңгээлге чыгарылат. Эки өлкө саясаттан тартып, соода экономика, жана маданий-гуманитардык алаканын өнүгүү багыттарын аныктоодо. Буга Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен араб эмираттарына болгон расмий визити себеп болмокчу.

Абу-Даби шаары президент баштаган кыргыз делегациясын жылуу маанай жана жылуу аба ырайы менен тосуп алды. Бириккен Араб Эмираттарында азыр абанын температурасы болжол менен 25 градустан жогору. Алдыда эки олконун кызматташтыгында дагы мына ушундай оз ара жылуу мамиле тузулуп, онугуугуго багытталган аракеттерде бирге жыйынтыкка жетерине ишенич жаралды. Президент Сооронбай Жээнбековдун расмий визити мына ушул тыгыз кызматташтык алакасыгын башаты болуп калмакчы.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен араб эмираттарына расмий визит менен Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, Бириккен араб эмираттарынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын орун басары, шейх Мухаммад бин Заед Аль Нахайандын чакыруусу менен келди. Олко башчысын Абу-Дабидеги эл аралык аэропортто жогорку денгээлде тосуп алышты. Аэропорттун аймагында эки мамлекеттин желектери илинип, ардак кароол тизилген. Араб олкосуно келген жогорку даражадагы мейманга бул жерде салттуу араб кофеси сунушталат, урматтоонун белгиси катары ар бир мейман андан ооз тийуусу керек. Бул жоролгону президентке да жасашты. Абу-Даби шаарында олко башчысы алгач Вахат аль-Карама мемориалына гулчамбар койду.

Вахат аль-Карама мемориалы -бул Бириккен араб эмираттарынын элинин жана олконун келечеги учун курман болгон жоокерлердин элесине арналып тургузулган тарыхый эстелик. Бул жайда Бириккен араб эмираттарынын тургундары жана меймандар кийинки муундун жаркын келечеги, тынчтык учун оз омурун берген баатырларга таазим этишет.

Мемориал 31 массивдик плитадан турат, бул бири бирине уланган таштар мамлекеттин биримдиги учун турган элдин жана алардын башчыларынын биримдигин жана тилектештигин билдирет. Эстеликтин артындагы узун шыпта Бириккен араб мамлекеттеринин аскерлеринин анты, олко башчыларынын накыл кептери жана ырлары жазылган. Ал эми 2800 болуктон турган тактада ар бир баатырдын аты жону, кызмат отогон аскер болугу, ошондой эле каза болгон жери жана убактысы жазылган.