Жаңылыктар
Өкмөт башчы иш сапары менен менен Нарын облусунда
Аймак
Өкмөт башчы иш сапары менен менен Нарын облусунда

Нарын облусунда иш сапары менен барган премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Торугарт» көзөмөл өткөрүү пунктунда инспектордук-текшерүү комплекстин ишке киргизүү аземине катышты. Ошондой эле, өкмөт башчы Ат-Башы районунда курула турган индустриалдык-соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салууга катышты.

Бажы тармагынын санариптик кызмат көрсөтүүгө өтүшү менен иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга болот. Комплекс бүгүнкү күндүн талабына жооп берет. Кытайдан келген жүк ташуучу унааларды тыкыр көзөмөлдөп кароого заманбап ыкма колдонулат. Мурда кызматкерлер кыдырып, ар бир унааны текшерсе, эми жүктүн мүнөздөмөсүн экрандан эле байкоого болот. Тактап айтканда, кагазда көрсөтүлгөн товарлардын дал келүүсү жана мыйзамдуулугун бир эле компьютердин баскычы менен аныктоо шарты түзүлдү. Комплекске жалпы 8 миллион

Өлкөгө инвестициянын келиши айылдардын жана шаарлардын социалдык инфраструктурасын гана жакшыртпастан, өлкө экономикасын дагы көтөрөрүн өкмөт башчы «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун пайдубалына капсула салуу аземинде билдирди. Борбор райондун Ак-Талаа айыл аймагына караштуу жерге курулат. Курулушу аяктагандан кийин анын жалпы аянты 400 гектарды түзөт. Биринчи баскычта 1000 киши жумуш менен камсыз болот, кийинки этаптарда бул сандар кыйла жогорулайт. Борборду Кытайлык инвестор каржылоодо, жалпы 280 миллион долларга жакын каражат жумшалат. Келээрки жылы август айында курулуштун биринчи этабы аяктап, ишке берилери мерчемделген.