Жаңылыктар
Сүймөнкул Чокморовго арналган кинофестиваль башталды
Маданият
Сүймөнкул Чокморовго арналган кинофестиваль башталды

"Манас" кинотеатрында IX эл аралык Балтия, Грузия жана Көз карандысыз мамлекетердин шериктештиги өлкөлөрүнүн "Кыргызстан - кыска метраждуу кинолордун өлкөсү" аттуу кинофестивалы башталды. Бул тууралуу Киноматографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. Кинофестиваль Кыргыз Республикасынын эл артисти Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналат. Анын ачылышы аталган кинотеатрда өтөт. Фестиваль эки сынактык программаны камтыйт. Алар даректүү, анимациялык жана эксперименталдык жанрларды камтыган эл аралык жана улуттук кинолор болуп эсептелет. 

Эл аралык программада бул жылы 14 фильм, ал эми улуттук программада ата мекендик 18 тасма бар. Аларды жогоруда аты аталган мамлекеттердин белгилүү кинематографисттеринин курамынан турган калыстар тобу баалайт. Иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн эл аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана “Айтыш” коомдук фондунун колдоосу менен ушул жылдын 12-15-декабрына чейин жүргүзүлөт.