Жаңылыктар
ӨКМ: шашылыш билдирүү
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ: шашылыш билдирүү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты. Маалыматтарга караганда, 17-18-19-май күндөрү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, чагылган болуп, тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. 

Бийик тоолуу аймактардагы унаа жолдор кар күрткүлөрүнө топтолуп, муз тоңот. Айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы кескин төмөндөйт.

 


Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштеринин жүрүшүн, жайыттарда малды кармоону, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 

Күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоого жакын райондордо сел жүрүү коркунучу бар, дарыяларда суунун денгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Эске салсак, өлкө аймагында акыркы айдагы тынымсыз жааган нөшөрлүү жамгырдан турак-жайлар жабыркап, көпчүлүк жерлерде селдин жүргөнү катталган.