Жаңылыктар
2020-жылы "Жер-Үй" кени ишке кирет
Экономика
2020-жылы "Жер-Үй" кени ишке кирет

2020- жылдын март айынан тартып "Жер-Үй" кенинен биринчи алтын өндүрүлүп алынат. Бүгүнкү күнү кен аймагынын инфраструктурасы калыптанып, анда 600дүн тегерегинде жергиликтүү тургундар иштеп жатат. Фабрика толугу менен ишке кирсе жумушчулардын саны 2000 миңге чейин жетип, орточо айлык 500 доллар болоору бүгүн тегерек үстөлдө айтылды.

Инвесторлор кен жайгашкан Бекмолдо айыл өкмөтүнө, Талас району жана өнүктүрүү фондуна 170 миллион сомдон которгон. Ал эми “Бакубат” Талас фондуна жылына 100 миллион сомдон которуп келген болсо, 2019- жылдан баштап 150 миллондон бөлүп баштады. 

Кененирээк аудиодон укса болот. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"