Жаңылыктар
Венгрия билим алуу үчүн Кыргыз жарандарына бюджеттик орун бөлдү
Билим
Венгрия билим алуу үчүн Кыргыз жарандарына бюджеттик орун бөлдү

Венгрия 2020-2021-окуу жылында билим алуу үчүн Кыргызстандын жарандарына 75 бюджеттик орун бөлдүБакалавр 30,магистратура 30 жана докторантурага 15 орун. Билим берүү жана илим министрлиги аталган бюджеттик орундарга сынак башталганын кабарлайт. Чет өлкөдө бекер окугусу келген кыргызстандык студенттер министрликтин сайтына кирип маалымат алып онлайн маектешүүгө катышып, келерки жылдын 15-январына чейин катталуусу керек.

Ал эми керектүү документтерди 2020-жылдын 31-январына чейин жөнөтүүсү зарыл. Бирок акыркы учурда, көпчүлүк студенттер жеке компаниялар аркылуу чет өлкөгө окууга өтүүнү самап, алданып калган жагдайлар бар экенин экспеттер эске салат. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"