Жаңылыктар
Кыргызстанга араб инвесторлорун тартуу маселеси каралды
Экономика

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарындагы ири компаниялардын жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Президент бүгүнкү күндө Бириккен Араб Эмираттары Кыргызстандын ири соода-экономикалык өнөктөшү экенин белгиледи. Мамлекет башчысынын айтымында, Кыргызстан менен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү анча чоң эмес болгону менен, бул багытта чоң мүмкүнчүлүктөр жана биргелешип ишке ашыра турган ири дарамет бар. Кыргыз тарап инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү боюнча көп иш-аракеттерди аткарганын айтты. Бизнести каттоо кыйла жөнөкөйлөшкөнүн, ал үчүн үч күндөн ашык убакыт кетпей турганын кошумчалады.

«Биздин башкы максат - эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүү, Кыргызстанга араб инвестицияларын тартуу. Учурда инвесторлор кызыга турган чакан жана орто ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорубуз бар. Ошондой эле туризм тармагында да мүмкүнчүлүктөр арбын. Кыргызстан экологиялык жактан таза, органикалык продукцияларды экспорттоонун көлөмүн жогорулатууга даяр. Алар Араб Эмираттардын рынокторунда өз ордун табат деп ишенем»,- деди  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков.