Жаңылыктар
Мектептерде кыргыз тили боюнча милдеттүү тестирлөө башталды
Билим
Мектептерде кыргыз тили боюнча милдеттүү тестирлөө башталды

Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору 2017-жылы жалпы билим берүү мекемелеринин 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тил боюнча милдеттүү түрдө кыргыз тилинен тест тапшыраарын маалымдады.

Бул аракет "Кыргызстанда 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө" Улуттук программанын алкагында ишке ашууда. 

Ага даярдык катары бүгүн орус тилдүү мектептердин 10-класстарынын окуучулары тест тапшырды. Анда бүтүрүүчүлөрдүн лексика жана грамматиканы иш жүзүндө туура колдоно билүүсү, берилген маалыматты окуп жана угуп түшүнө билүүсү, өз оюн жазуу жана оозеки түрдө билдире алуусу бааланат. 

Тест тапшырып жаткан окуучулардын аты жөнү номурлар менен белгиленип, тесттин жыйынтыгын баалоо купуя жүргүзүлөт.