Жаңылыктар
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сот отуруму жылдырылды
Кылмыш
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сот отуруму жылдырылды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сот отуруму Атамбаев ооруп калгандыктан жылдырылды. Мурдагы президентти дарыгерлер карап жатканы тууралуу УКМКнын тергөө абагы Биринчи май райондук сотуна билдирген. Батукаевдин бошотулушу боюнча ишти иликтөө январь айында башталганы кийинчерээк белгилүү болгон. Материалдар октябрь айында сотко өткөрүлгөн. 

Бул иш боюнча Атамбаев менен бирге мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жазаларды аткаруу мекемесинин жетекчисинин мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Гематология борборунун директору Абдухалим Райымжанов айыпталган. Чуулгандуу ишке тиешеси бар делген дагы бир нече адам тергөө менен кызматташып жатканы кабарланган.