Жаңылыктар
Айтматовду коомдук ишмерлер да эскеришти
Маданият
Айтматовду коомдук ишмерлер да эскеришти

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовду окумуштуулар менен катар коомдук ишмерлер да эскеришти. Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлери тарабынан уюштурулган иш-чарага коомдук, мамлекеттик ишмерлер, Кыргыз Республикасынын Баатырлары, эл жазуучулар, академиктер, министрликтин өкүлдөрү катышты. Көп кырдуу улуу инсандын өлкөнүн, эл аралык мамиленин өнүгүшүнө, улуттар аралык достуктун, ынтымактын бекемделишине жана коомдук иштерге кошкон салымы айтылып, улуулугу, жөнөкөйлүгү эскерилди.

Ошондой эле, улуу жазуучуну Чыңгыз Айтматовду кийинки муунга таанытуу жана чыгармаларын кеңири жайылтуу максатында жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттери жана мектеп окуучулары үчүн сынак уюштурулду. Анын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөрдү сыйлоо "Манас" жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында өттү. Жеңүүчүлөргө Айтматовдун китептери жана Улуттук академиянын Ардак грамотасы тапшырылды.