Жаңылыктар
Баткен облусундагы айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү аракеттер
Айыл чарба
Баткен облусундагы айыл чарбасын өнүктүрүүдөгү аракеттер

Баткен облусунда келерки жылы жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү боюнча агрозоовет окутуулары өтүүдө. Учурда дыйкандар жана фермерлер менен атайын адистердин жолугушуулары болду. Мындай иш аракеттер Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин буйругунун негизинде ишке ашууда. Мал чарбасы, айыл чарба өндүрүмдөрүнүн сапаттуулугун жогорулатуу, кайра иштетүү, эт, сүт багытындагы ири мүйүздүү малдын пародаларын жакшыртуу жана жасалма уруктандыруу боюнча жумушчу топ иш алып барууда.

“Бүгүнкү окуулардын жыйынтыгында мына азыр кандай кызыктуу маселелер бар? Жыл өткөн сайын ЕАЭБдин курамына киргенден бери жаңы талаптар коюлуп атат. Ошондой эле эл аралык стандарттардын талабы боюнча өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн сапаты жана тийиштүү көлөмдөгү көлөмдү камсыздоо биздин алдыбызда турган милдеттер болуп атат”,- деди Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин бөлүм башчысы Атанбек Ботоев.