Жаңылыктар
Россияда кыргыз жараны он жылга эркинен ажыратылды
Кылмыш
Россияда кыргыз жараны он жылга эркинен ажыратылды

Россиянын Самара шаардык соту Кыргызстандын жаранын 10 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Тергөөнүн версиясы боюнча, 44 жаштагы кыргызстандык жаран таанышы менен анын батиринде спирт ичимдиктерин ичип, экөөнүн ортосунда жаңжал чыккан. Кыргызстандык киши батирдин ээсин металл түтүк менен 30 жолу чапкан.

«Жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган. Ал баш мээсинен жаракат алган, түтүк баш сөөктү сындырып кеткен», - деп айтылат маалыматта.