Патрулдук милициянын экинчи баскычында билим алган курсанттар 20-декабрда ишке киришет. Алар адегенде он күн практикалык мөөнөт өтөшө турганын өткөрүлгөн пресс-тур жүрүшүндө Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев маалымдады.
Ички иштер министрлигинин Академиясынын атайын курсунан окуудан өткөн 235 курсант 2020-жылдын 1-январынан толук кандуу иштей башташат.
Кененирээк аудиодон укса болот.
Кадыр Калилов, "Биринчи радио"