Жаңылыктар
Президенттин расмий сапарынын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду
Экономика
Президенттин расмий сапарынын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлду

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий сапарынын алкагында Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, Бириккен Араб Эмираттарынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечеги талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында маданият, туризм, билим берүү, айыл чарба, жарандарды социалдык коргоо жаатында кызматташуу тууралуу макулдашууларга кол коюлду. 

Президент сапардын алкагында ошондой эле Бириккен Араб Эмираттарынын Вице-президенти, Премьер-министри шейх Мухаммед бин Рашид Аль Мактум, Абу-Даби жана Дубай шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын Директорлор кеңешинин төрагасы Мажид Саиф Аль-Гурейр, Бириккен Араб Эмираттарынын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, Зайед Фондунун башкы директору Хамад Салем бин Кардоус Аль Амери менен жолугушту.