Жаңылыктар
Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарындагы мекендештер менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарындагы мекендештер менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапарынын алкагында ал өлкөдө жашаган мекендештер менен жолугушту. Мамлекет башчы актуалдуу маселелер боюнча пикир алышып, жашоо шарттары менен таанышып жатканына кубанычта экенин өзгөчө белгиледи. Араб өлкөлөрүнүн ичинен кыргызстандыктардын эң чоң диаспорасы Бириккен Араб Эмираттарында жайгашканын, алардын көпчүлүгү жаштардан турганы белгилүү. 

Кыргызстандыктар башка өлкөлөрдүн жарандарынан калышпай, өз максаттарына жетүүгө аракет кылып жаткандарын канааттануу менен айтты. Өлкө башчысы Бириккен Араб Эмираттарына болгон сапарынын жыйынтыктары жөнүндө кыскача айтып берип, жетишилген макулдашуулардын алгачкы жемиштери жакынкы убакта көрүнө баштаарына ишеним билдирди. Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.