Жаңылыктар
Быйыл Кыргызстанда 27 мектептин курулушу мерчемделген
Аймак
Быйыл Кыргызстанда 27 мектептин курулушу мерчемделген

Быйыл Кыргызстанда 27 мектептин курулушу мерчемделген. Аны "Сауд" өнүктүрүү фонду каржылоодо. Бул долбоордун алкагында Ысык-Көл облусу боюнча үч мектептин курулушу каралган. Анда белгиленгендей Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылына 375, Жети-Өгүз районундагы Дархан айылына 275 жана Тоң районунун Оттук айылына 220 орундуу мектептер салынат.

Ак-Суу районунун Боз-Учук айылы. Айылдагы мектеп 1957-жылдары салынып, мында жети жүз жыйырма сегиз бала билим алат. Мектеп имаратынын жедеп эскилиги жеткендиктен балдарды окутууга болбойт деген бүтүм чыгарылган.

Айылдагы жаңы салынып баштаган мектеп 375 орундуу болуп, спорт залы, ашканасы, маданий иш-чара өтө турган корпусу менен салынат. Бул багытта Сауд өнүктүрүү фонду сексен төрт миллион сом бөлүп берген.

Эске сала кетсек, Ак-Суу районунда жалпы үч мектептин курулушу жүруп жатат, дагы төрт мектеп авариялык абалда. Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Ак-Суу, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда үч мектептин курулушу башталды. Бул фонд аркылуу жалпы республика боюнча жыйырма жети мектептин курулушу каралган.