Жаңылыктар
Москвада Саякбай Каралаев жана Чыңгыз Айтматовго арналган иш-чара өттү
Мекендештер
Москвада Саякбай Каралаев жана Чыңгыз Айтматовго арналган иш-чара өттү

Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинде кыргыз тилин үйрөнүп жаткан студенттер улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата ачык сабак өткөрүштү. Окуу жайдагы Кыргыз тил жана маданият борбору жазуучунун атын алып жүрөт. Иш-чара Кыргызстандын Россиядагы элчиси залкар жазуучунун эстелигине гүл коюу менен башталды.

Мындай эки улуу адамдын, бири чоң манасчы Саякбай Каралаев, экинчиси залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов өңдүү улуу таланттардын жолугуусу, адам баласынын тарыхында ири окуяларындан. Белгилүү адабият таануучу, сынчы Кеңешбек Асаналиев белгилегендей: “Кыргыз маданиятынын тарыхында Саякбай жана Чыңгыздын кездешүүсү бул эки көркөм дүйнөнүн, эки эстетикалык формациянын кездешүүсү, тогошуусу эле. Балким, бул кездешүү өзүнүн мазмуну жана жыйынтыгы боюнча көркөм маданияттын тарыхында өтө сейрек кездешкен, уникалдуу окуя”.

Ростов-на-Дону шаарындагы бир көчөгө улуу жазуучунун ысымы берилери тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов билдирди. Айтматов тилдик туюмду өнүктүрүп, көркөм табитти жетилтип, дүйнө таанымды кеңейтип, маданиятты түптөө ар дайым керек экенин бүт ааламга жар салды. Ал ар бир чыгармасында башка улуттарга да жат көрүнүш болбогон, адам баласынын терең руханий дүйнөсү менен пенделик алсыз жактарынын бүтпөс күрөшүн ачык көрсөтүп кетти.