Жаңылыктар
Кайгуул милициясына тандалып алынган 224 кызматкер атайын окуудан өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Кайгуул милициясына тандалып алынган 224 кызматкер атайын окуудан өтүп жатат

Кайгуул милициясына тандалып алынган 224 кызматкер атайын окуудан өтүп жатат. Алар жарандар менен сүйлөшө билүү, дене тарбия, оор кырдаалдарда өзүн алып жүрүү жана жаңы техникалык каражаттар менен иштөөнү үйрөнүүдө. 

Андан тышкары мыйзам актыларын өздөштүрүүгө көңүл бурулууда. Бул долбоор пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин алгач Ош шаарында, Чүй облусунда, кийин республиканын башка аймактарына киргизилет.