Жаңылыктар
Ак калпак ЮНЕСКОнун маданий мурасынын тизмесине киргизилди
Маданият
Ак калпак ЮНЕСКОнун маданий мурасынын тизмесине киргизилди

Калпак жасоо өнөрү жана кийүү салты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча тизмесине Кыргызстандын атынан катталды. Мындай чечим Колумбиянын Багота шаарында өтүп жаткан материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча ЮНЕСКОнун өкмөттөр аралык комитетинин 14-жыйынында кабыл алынды.