Жаңылыктар
Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо 91 жашка чыкмак
Маданият
Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо 91 жашка чыкмак

20-кылымдын атактуу жазуучуларынын катарын толуктаган Чыңгыз Айтматов көзү тирүү болгондо ушул жумада 91 жашка чыкмак. 80-жылдардын ичинде эле залкар жазуучубуздун чыгармачылыгы 150 тилге которулуп, 40 миллион тираж менен чыгууга үлгүргөн. Адабий сүрөткерибиздин таланты ташкындап турганда адамзаттын орчундуу проблемаларын көтөрүү менен аны өзүнүн чыгармаларында таамай-таасын сүрөттөп, окурмандардын жүрөгүнөн түнөк таба алды.