Жаңылыктар
Быйыл өлкөдөгү расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,3 пайызды түздү
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл өлкөдөгү расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,3 пайызды түздү

Быйыл расмий жумушсуздуктун деңгээли 3,3 пайызды түздү. Республиканын шаарларында жана облустарында расмий жумушсуздуктун эң төмөн деңгээли - Бишкекте жана Чүй облусунда катталган. Ал эми жумушсуздук эң көп аныкталган аймакка Жалал-Абад облусу кирген. 

2019-жылдын 1-ноябрына карата иш менен камсыздоо кызматтарында каттоодо тургандардын саны 100 миңден ашуун адамдын түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11 миң адамга же 12 пайызга көп. Жумушсуздук боюнча каттоого тургандардын 46,6 пайызын аялдар түзөт.