Жаңылыктар
Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
Чек ара
Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

“Торугарт” көзөмөл пунктунда чек арачылар Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте мамлекеттик чек араны бузган адамды кармашты. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.Маалыматка ылайык, 1986-жылы туулган кыргыз жараны “Renault Premium” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа менен 1996-жылы туулган кытай жаранын чек арадан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Инспектордук-текшерүү пунктуна келгенде айдоочу кытай жаранын унаадан түшүргөн. Ал жерге түшүп жашынууга аракет кылган. Чек ара кароолчулары көзөмөл пунктунда кыймылды байкап калып, аны кармашкан. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин экөө тең УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.