Жаңылыктар
Эсептөө палатасы салык кызматынын ишмердүүлүгүнөн мыйзам бузууларды аныктады
Кырсык
Эсептөө палатасы салык кызматынын ишмердүүлүгүнөн мыйзам бузууларды аныктады

Эсептөө палатасынын аудиттик текшерүүлөрүнүн натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын ишмердүүлүгүндө мыйзам бузуулар аныкталды. Салык мыйзамдарынын тиешелүү деңгээлде аткарылбагандыгына байлануштуу 15 млн. сомго жакын каражат казынага түшпөй калган. 

Себеби, сырттан келген айрым импорттук товарларга карата кошумча нарк салыгы алынгандыгын тастыктаган кагаздары табылган эмес. Айрым жагдайларда Салык кодексинин талаптары аткарылбай, 97 млн. сом чогултулган жок. Мындан улам, эсептөө палатасы Салык кызматына текшерүүлөрдү жүргүзүү сунушталды. 

Аны менен бирге Салык кызматы бөлүнгөн акчаны максатсыз пайдаланып, кызматкерлерге негизсиз 24 млн. сом дем алыш күндөрдө иштегени үчүн төлөнүп берилген. Бул туралуу эсептөө палатасы токтом кабыл алып, аудит жүргүзүлгөн мекемеге жөнөттү.