Жаңылыктар
Эрдоган АКШ үчүн Инжирликтеги авиабаза жабылышы ыктымалдыгын эскертти
Дүйнө
Эрдоган АКШ үчүн Инжирликтеги авиабаза жабылышы ыктымалдыгын эскертти

Түркия президенти Режеп Эрдоган Вашингтондун ыктымал санкцияларына жооп катары АКШ үчүн Инжирликтеги авиабаза жабылышы мүмкүндүгүн эскертти. Бул тууралуу ал жекшемби күнү A Haber телеканалынын эфиринде билдирди.

Эрдогандын айтымында, зарыл болсо Кошмо Штаттар үчүн европалык ракетага каршы коргонуу системасы жайгашкан Куреджик базасы дагы жабылышы ыктымал.

АКШ Орусиядан С-400 зениттик-комплексин сатып алгандыгы жана Сириянын түндүгүндөгү операциясы үчүн Түркияга каршы санкция киргизүүгө ниеттенип жатат.

Санкциялардын биринчи топтому АКШнын аскердик бюджетинин долбоорунда каралган. Аны жакынкы күндөрү Конгресс жактырат деп күтүлүүдө.

Анкарага каршы санкциялардын экинчи топтому өткөн жумада Сенаттын эл аралык комитетинде жактырылган. Ошол эле күнү Сенат Осмон империясынын тушунда 1915-жылы армяндардын жапырт өлтүрүлүшүн геноцид деп сыпаттаган резолюцияны кабыл алган.

Инжирликте негизинен АКШ аскер-аба күчтөрүнүн согуштук эмес, көмөкчү учактары жайгашкан. Ал Жакынкы Чыгыштагы америкалык күчтөргө жардам берүүдө маанилүү ролго ээ.