Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясына болгон расмий сапары башталды
Саясат
 Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясына болгон расмий сапары башталды

Президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясына болгон расмий сапары башталды. Эки күндүк сапардын алкагында өлкө башчысы Сауд Арабиясынын Королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд, бул өлкөнүн мураскер ханзаадасы, андан сырткары Аш-Шура Мажилисинин төрагасы, Сауд өнүктүрүү фондусунун жана Ислам өнүктүрүү банкынын жетекчилиги менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтык алакасы талкууланмакчы.

Учурда Сауд Аравиясынын борбор шаары Эр-Рияддагы “Касыр” мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравиясынын Аш-Шура Мажилисинин, башкача айтканда парламент төрагасы менен жолугушуусу башталууда. Тараптар анда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын келечегин талкуулашат.
Эске салсак, Сауд Аравиясынын парламент төрагасы ушул жылдын жай айларында Кыргызстанга расмий иш сапары менен барып, президент менен жолугушууда ага Сауд Аравиясынын королунун чакыруусун билдирген эле.
Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Аравиясына күн мурун учуп келди. Өлкө башчысын эл аралык аэропортто Эр-Рияд шаарынын губернатору Фейсал бин Бандар аль Сауд жылуу тосуп алды. Аэропорттун аймагында эки мамлекеттин желектери илинип, ардак кароол тизилген. Тараптардын кыска жолугушуусунан кийин кыргыз делегациясы мамлекеттик резиденцияга сапар алды.

Мажлистин төрагасы менен жолугушуу аяктаган соң, бир саттан кийин өлкө башчысы Сауд Өнүктүрүү фондусунун Директорлор кеңешинин төрагасы менен эки тараптуу алаканын артыкчылыктуу багыттарын талкуулайт. Белгилей кетсек, Ислам өнүктүрүү фонду Кыргызстанда таза суу, жол курулуштары, социалдык мекмелерин куруу сыяктуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп келет.
Азыркы учурда таза суу боюнча 20 млн. долларга эсептелген долбоор Талас жана Баткен облустарында башталганы турат, ал эми Чүй облусунда фонддун каражатына 375 орунга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүүдө.
Ал эми бүгүнкү күндүн негизги иш-чарасы – президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Аравиясынын королу Салман бин Абдельазиз Аль Сауд менен эки тараптуу жолугушуусу болмокчу. Жолугушуу Бишкек убактысы боюнча саат 16:30да башталат. Мамлекет башчылары анда Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы кызматташтык алаканын бардык багыттарын, анын ичинен артыкчылыктуу делген долбоорго кеңири токтолушмакчы.
Визиттин жыйынтыгы боюнча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, спорт, билим берүү жана илимий чөйрөлөрдө, ошондой эле социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо жаатындагы документтерге кол коюулары күтүлүүдө.
Ошондой эле, президент Сооронбай Жээнбеков расмий иш сапарынын алкагында Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы менен кезигет. Ал эми Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар Хаджар менен болгон жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкууламакчы.
Мындан сырткары, өлкө башчысы бүгүн Эр-Рияд шаарында Сауд Аравиясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жаңы имаратынын ачылышын жасайт жана андан кийин бул өлкөдө убактылуу жашап, эмгектенип жаткан мекендештер менен жолугушмакчы.