Жаңылыктар
Окуучулар үчүн стандарттагы заманбап информатика китеби иштелип чыкты
Билим
Окуучулар үчүн стандарттагы заманбап информатика китеби иштелип чыкты

Кыргызстанда 5-9-класстар үчүн жаңы стандарттагы заманбап информатика китеби иштелип чыкты. Питон тилиндеги программалоону үйрөнүүгө багытталган окуу куралы 3 жылдан бери республиканын 20 мектебинде сыноо иретинде окутулуп келет. Быйыл билим берүү жана илим министирлиги тарабынан бул программа бекитилип, колдоого алынды. 

Эми 7-8-9-класстарга арналган информатика китеби апробацияга коюлду. Адистер дүйнөлүк тажрыйбада азыркы өлкөнүн мектептеринде өтүлүп жаткан программалоо тилдери колдонулбай калгандыгын белгилешип, питон тилиндеги окутууга өтүү керектигин билдиришет. Дал ушул максатта иштелип чыккан информатика китеби тармакты жаңы денгээлге көтөрүүнү көздөйт.

Кененирээк аудиодон укса болот.

Рахат Кыдыртоктоев, "Биринчи радио"