Жаңылыктар
Чүйдүн Озерное айылында жаңы мектеп курулууда
Аймак
Чүйдүн Озерное айылында жаңы мектеп курулууда

Чүй облусунда Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура агенттигинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, эки кабаттуу билим берүү имараты Озерное айылында салынып жатат. Мектеп 375 окуучуга ылайыкталат. Долбоорду ишке ашырууга 91 миллион сом керектелет. Билим уясы колдонууга 2021-жылы берилет.