Жаңылыктар
Келерки жылга инвестициялык чыгымдар болжолдонду
Экономика
Келерки жылга инвестициялык чыгымдар болжолдонду

2020-жылы инвестициялык долбоорлордун чыгымы 27 млрд. сом болоору күтүлүүдө. Бул туурасында келерки жылдын жарандык бюжетинде айтылат. Быйыл бул сумма 33,6 млрд. сомду түзгөн.

Инвестициялык долбоорлорду сырттан каржылоо 25,6 млрд. сом, анын 18,7 млрд. сому насыя, 6,9 млрд. сому грант түрүндө болмокчу. Жалпы чыгымдын 5,2 пайызы же 1,4 млрд. сому республикалык бюджеттен бөлүнөт. Мамлекеттик инвестицияда негизги көңүл транспорт системасы, энергетикалык инфраструктура, айыл чарба, ирригация жана социалдык инфратүзүмдү өнүктүрүүгө бурулат.