Жаңылыктар
Жээнбеков уран казууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамга кол койду
Кыргызстан жаңылыктары
Жээнбеков уран казууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамга кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө иштерине тыюу салуу жөнүндө Мыйзамына кол койду. Документ калктын ден соолугун, жерди, суу объекттерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоого, жарандардын жашоо, эмгектенүү жана эс алуу үчүн жагымдуу айлана-чөйрөгө болгон укуктарын, ошондой эле Кыргызстанда радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. 

Мыйзамга ылайык, уран, торий кендери чыккан жерлерди изилдөө жана чалгындоо максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерди жүзөгө ашырууга, уран, торий кендери чыккан жерлерди иштетүүгө, радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө тыюу салынат. Өлкө аймагына уран жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.