Жаңылыктар
Ноокен районунда жаңы газдын кени табылды
Аймак
Ноокен районунда жаңы газдын кени табылды

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жаңы кенде газды өндүрүү башталды. "Кыргызмунайгаз" ишканасынын маалыматында, ушул жылдын сентябрь айында Ноокен районунун аймагында жаңы скважинани бургулоо иштери башталган. Анын натыйжасында 2 миң 40 метр тереңдикте жаратылыш газы табылды. Учурда суткасына 7 миң куб метр газ казылууда. Адистердин айтуусунда, бардык иштер аяктаган соң, газды казып алуунун көлөмү көбөйөт.

Маалыматта айтылгандай, "Кыргызмунайгаз" ишканасы 70-жылдардан бери газдын жаңы кенин ача элек болчу.