Жаңылыктар
Уран менен торий кендери иштетилбейт
Кыргызстан жаңылыктары
Уран менен торий кендери иштетилбейт

Кыргызстанда уран менен торий кендерин изилдөө, чалгындоо жана иштетүүгө биротоло тыюу салынды. Мындай шартты бекемдеген мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Негизги максат экологияны сактап, элдин саламаттыгына кам көрүү. Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 31-октябрда кабыл алынган.

Кен байлыктарга бай өлкөлөрдүн катарын толуктаган Кыргызстанда уран кендеринин саны үч жүздөн ашыгыраак. Адистердин эсептөөлөрү боюнча алардын ар биринде уран кору аябай деле көп көлөмдө эмес. Эң көп деген кенде 10 миң тоннага чейин болсо, ал эми эң аз деген кенде миң тонналык кору жатат. Мындан улам адистер уран кендеринен укмуш пайда деле түшпөй турганын белгилейт. Ошондуктан Кыргызстандын уранды иштетүү муктаждыгы деле жок. 

Маселенин башы былтыр көтөрүлүп, Тоң районундагы Таш-Булак уран кенинде геологиялык чалгындоо иштери башталган. Бирок бул аракеттерге жергиликтүү эл, Парламент, жарандык коом каршы болуп, Өкмөт андагы жумуштарды токтоткон. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кызыл-Омполдогу окуялар тоо-кен тармагындагы баш аламандыкты көрсөткөнүн билдирип, тармак коррупцияга белчесинен батып калгандыгын белгилеген. Маселе Коргоо кеңешинде талкууга алынган. Президент мындан улам уруксат лицензияларын оңду-солду берүүнү тартипке салуу талабын койгон. 

Кыргызстандын тоо-кен байлыктары мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгында колдонулушу керек. Эми өлкөдө уран менен торий кендерин изилдөө, чалгындоо жана иштетүүгө биротоло тыюу салынды. Мамлекет башчы уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө иштерине таптакыр тыюу салуу жөнүндө Мыйзамына кол койду. Документтин максаты радиациялык жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган. 

Тармакты жакшы билген тажрыйбалуу адистердин пикиринде уран кендерин иштететүү Кыргызстан үчүн биринчиден экономикалык экинчи жагы экологиялык жактан пайдасыз. Анын үстүнө өлкөнүн уранга болгон муктаждыгы болбогон соң уран кендерин иштетүүнүн деле кажети жок. Кендерди иштеткен күндө да калдык көмүлгөн жайларды кайра калыбына келтирүү маселеси да турат. 

Ошондой эле мыйзамга ылайык радиоактивдүү калдык сактоочу жайларды, кен калдыктарын иштетүүгө жана андан ары иштетүү жана кармап-күтүү максатында аларды жеке жактарга берүүгө жана уран менен торий бар чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө да жол берилбейт.