Жаңылыктар
Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду жолун курууга каражат табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду жолун курууга каражат табылды

"Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду" унаа жолун курууга азырынча 500 миллион сом каражат табылды. Бул тууралуу бүгүн Каржы министри Адылбек Касымалиев билдирди. 

Анын ырасташынча, бул долбоордун жалпы суммасы - 2,6 млрд сом. Анын 100 миллион сому бөлүнүп, дагы 500 миллион сом каражат бөлүү маселеси кечээ Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети тарабынан колдоого алынды.

Анын алкагында, "Балыкчы - Чолпон-Ата - Корумду" жолунун 35 чакырымын ушул жылдын сентябрь айына чейин бүткөрүү пландалууда. 

Узундугу 104 чакырымды түзгөн жолдун 35 чакырымы - Тамчы аэропортунан башталып, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга чейинки аралыкты камтыйт. Адылбек Касымалиев билдиргендей, жакынкы күндөрү каражат тиешелүү министрликке чегерилет.