Жаңылыктар
Ысык-Көл облусу боюнча учурда тогуз айылда таза суу долбоору ишке ашууда
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл облусу боюнча учурда тогуз айылда таза суу долбоору ишке ашууда

Анын үчөө быйыл жыл аягына чейин толук аяктап, элдин колдонуусуна берилет. Мындан сырткары дагы үч айылда таза сууну ишке ашыруу боюнча сметалык баасы аныкталып, долборлоо иштери жүрүүдө. Белгилей кетсек жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 176 айыл бар. Анын 86сында таза суу бар.

Тоң районунун эң алыскы айылы Туура-Суу айылы. Айылда жүздөн ашык түтүн эл жашап, жалаң мал чарбасы менен жан сакташат. Айылда быйыл таза суу долбоору ишке ашууда. Бул жаңылык улуу кичүүгө бирдей жакшы кабар болду.

Бул долбоорго негизинен он алты миллион сом республикалык бюджеттен каралган. Курулушчулар бир жарым, эки жыл аралыгында аяктамак. Бирок курулуш ишканасы жоопкерчиликтүү мамиле жасап, быйыл эле курулуш иштерин аяктап элге таза суу бергени турат. 

Белгилей кетсек жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 176 айыл бар. Анын 86 айылында таза суу бар. Таза суу долбоору 24 айылда дүйнөлүк банктын колдоосу ишке ашканы турат. Мындан сырткары 12 айыл эмки жылы республикалык бюджеттин эсебинен жасалат. Калган айылдарда да долборлоо иштери жүрүүдө.