Жаңылыктар
Январь айынан тарта кайгуул милициясы Бишкекти толугу менен тескейт
Кыргызстан жаңылыктары
Январь айынан тарта кайгуул милициясы Бишкекти толугу менен тескейт

Кайгуул кызматы иштеп баштагандан бери, борбордо жол-транспорт кырсыгы 10 пайызга азайды. Жаңы кызмат ушул жылдын 31-октябрында Бишкек шаарында ишке кирген.

Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери Мирлан Мамытов коомдук коопсуздукту биринчи орунга коерун айтат. Буга чейин ал Ички иштер министрлигинде төрт жыл эмгектенген. Анын айтымында, кайгуул кызматы кылмыштуулук менен күрөшүүнү, мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштерди натыйжалуу жүргүзүп келет.

Азыркы тапта 260тан ашуун кызматкер иштейт. Жаңы кызматка дагы 600дөй адис алынат. Бардык кызматкерлер, анын ичинде мурда иштеп жүргөндөр да үч айлык окуудан өттү. "102" линиясы боюнча келип түшкөн чалуулар ыкчам жана сапаттуу тейленет. Кайгуул экипажы 5-7 мүнөттө чакырык болгон жерге жете барат.