Жаңылыктар
Автомай куючу жайларга автоматташтырылган система киргизилет
Экономика
Автомай куючу жайларга автоматташтырылган система киргизилет

2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда бардык автомай куюучу жайлар үчүн нефть азыктарын куюууну эсептөөнүн автоматташтырылган системасы киргизилет. Өкмөттүн бул токтомуна ылайык, электрондук системага өтүүдө бензиндин, дизель отундун жана суюлтулган газдын контрабандалык жол менен ташылышына бөгөт коюлуп, салык органдарына көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берет. 

Бензинге караганда газ менен жүрүү үнөмдүүрөк болорун жана экологиялык жактан таза болорун айдоочулар да белгилөөдө. Бирок, ошол эле учурда өлкөгө суюлтулган газды ташып келип саткан компаниялардын ээлери жана жеке ишкерлер электрондук системага өтүүнүн кыска аралыкта ишке ашырылышына макул эместиктерин билдиришүүдө. Бул ишти ишке ашыруу үчүн алар Өкмөттөн эки жыл мөөнөт берүүнү сурашууда. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Раткан Асанова, "Биринчи радио"